• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү министрлиги 2021-жылга карата бюджет долбоорун коомдук талкууга алып чыкты

Коом 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 2021-жылга карата бюджет долбоорун коомдук талкууга алып чыкты

Министрлик 2021-жылга карата билим берүү тармагындагы бюджеттик чыгашалардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун даярдады, - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, документтер өкмөттүн программалык негизде бюджеттөө боюнча токтомун аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү 2019-23-жылдарга өнүктүрүү концепциясын эске алуу менен даярдалды.

Билим берүү тармагынын 2021-жылга бюджети жана 2022-23-жылдарга карата божомолдору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен иштелип чыкты.

Долбоор коомдук талкуу өткөрүү үчүн министрликтин сайтына жайгаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий