• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Билим берүү министрлиги: 207 мектеп китеби электрондук форматка өткөрүлдү

Билим 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Жаңы китеп” мекемеси мектеп окуучулары үчүн төрт тилдеги (кыргыз, орус, өзбек, тажик) 207 китепти электронддук форматка өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, китептер http://kitep.edu.gov.kg электрондук китепканасында жеткиликтүү.

Мындан сырткары, IT штаб менен биргеликте кыска убакытта https://oku.edu.gov.kg/ билим берүү порталына кыргыз жана орус тилдеринде 500дөн ашык телесабактар жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий