• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлиги: 230 окуучу ЖОЖдордогу гранттык орундар үчүн олимпиадага катышты

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. 230 мектеп окуучусу Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын ЖОЖдорунда гранттык орундарды алуу үчүн олимпиадага катышышты. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиада Махмуд Кашгари Барскани атындагы Чыгыш университети, Казак мамлекеттик аялдардын педагогикалык университети жана Москва экономикалык университети тарабынан уюштурулган.

Анын максаты – таланттуу жана жөндөмдүү окуучуларды аныктап, алардын чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүп, илимий ишмердикке кызыгуусун ойготуу болуп саналат.

Олимпиаданын жыйынтыктары боюнча уюштуруучулар өз ЖОЖдорунда гранттык орундарды сунушташат.

Пикир

Оставить комментарий