• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлиги 3-класстар үчүн “Адеп” китебиндеги 4 сап ыр боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. “Адеп” китеби 2007-жылы Кыргыз билим берүү академиясы, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы жана КРнын билим берүү жана илим министрлигинин сынактык комиссиясы тарабынан жактырылган. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

Эскерте кетсек, соцтүйүндөрүндө 3-класстын “Адеп” китебиндеги “Гүлайым” аттуу төрт сап ыр катуу талкууга алынган. Ал ырда тамеки чеккен, кыска көйнөк кийген жана киндигинде сөйкөсү бар, курсагын ачып жүргөн Гүлайым аттуу кыз туралуу айтылат.

Министрликтен кабарлашкандай, окуу китеп Ж.Ысманов, К.Ибраимов, В.Мусаев аттуу авторлор тарабынан иштелип чыккан.

Учурда министрлик башталгыч мектептер үчүн жаңы билим берүү стандарттарын иштеп чыгарууда жана аларда “Адеп” сабагы башка сабактар менен бириктирилген. Ага ылайык, жаңы китептерди иштеп чыгуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий