• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министрлиги “Алтын тамга” сынагы кайрадан тапшырылбай тургандыгын билдирди

Билим 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги артыкчылык аттестат алуу укугун тастыктай албай калган окуучулар кайра сынактан өтөт деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, учурда “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгына даттанууга арыздар кабыл алынууда (компьютер эсептеген упайларды кол менен эсептоо). Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин бардык арыздары каралгандан кийин чыгарылат.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, "Алтын тамга" тестинин жыйынтыгы менен республика боюнча 80 талапкер артыкчылык үлгүдөгү аттестат алуу укугун тастыктаган.

Белгилей кетсек, быйыл ѳзгѳчѳ үлгүдѳгү аттестат алууга 2 миң 232 бүтүрүүчү талапкер болгон. Андан 1 миң 388 кыргыз тилинде, 803 орус тилинде жана 38 өзбек тилинде.

"Алтын тамга" сынагы мектепти 11-жыл "5" деген баага окуп, жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар үчүн көз карандысыз сынактык баалоо болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий