• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлиги: Бүтүрүүчүлөргө күбөлүк жана аттестат акысыз берилет

Билим 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана жалпы орто билим жөнүндө аттестат бүтүрүүчүлөрөргө акысыз берилет. Мектеп жетекчилигинин жана башка жактардын документ үчүн акча талап кылууга укугу жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда бул боюнча район жана шаардагы тиешелүү адистерге эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Азыркы кырдаалга байланыштуу министрлик басмакана менен биргеликте даярдалган документтерди облустун борборлоруна чейин акысыз жеткирип берет.

Эгерде аттестат жоголуп же башка себептер менен дубликат алына турган болсо, аттестаттын тиркемеси менен дубликатына 41 сом, артыкчылыгы менен аттестат дубликаты үчүн 45 сом, күбөлүктүн дубликатына 20 сом төлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий