• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министрлиги бардык окуу процессиндеги карантинди узартуу ыктымалдыгынын планын кароодо

Билим 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Билим берүү министрлиги бардык окуу процессиндеги карантинди узартуу ыктымалдыгынын планын иштеп чыгууда. Бул тууралуу коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдан билдиришти.

“Билим берүү жана илим министрлиги учурдагы кырдаалды жана карантиндин узартуу ыктымалдыгын эске алып, ыкчам жооп кайтаруу планын иштеп чыгууда”,- деп айтылат маалыматта.

Аталган планда көрсөтүлгөн иш-аракеттер алгоритмдери жана механизмдери билим берүүнүн бардык деӊгээлдеринде окуу процессин уюштуруунун, окуу жылын жыйынтыктоонун (сынактар) жана учурдагы кырдаалды эске алып жаӊы окуу жылына даярдык көрүүнүн бардык аспектилерин камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий