• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү министрлиги «Бирдиктүү терезе» системасында документтерди берүүнү киргизүүдө

Коом 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги «Бирдиктүү терезе» системасында документтерди берүүнү киргизүүдө.

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо Концепциясын, «2019-жыл - Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгын ишке ашыруу алкагында «Бирдиктүү терезе» системасы» аркылуу төмөндөгү кызматтарды киргизүүдө:

-жалпы орто билим жөнүндө аттестаттын/жалпы негизги билим жөнүндөгү күбөлүктүн түп нускасынын көчүрмөсүн берүү;

-чет өлкөлүк окуу жайлардан берилген билим жөнүндөгү документтердин Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына ылайык шайкештик деңгээлин далилдеген маалымкатты берүү;

-Мугалимдердин айлык акысы тууралуу маалымкатты берүү;

-Окуучунун окуп жаткандыгы тууралуу маалымкатты берүү;

-Мугалимдин иштеп жаткандыгы тууралуу маалымкатты берүү;

«Бирдиктүү терезе» системасы пилоттук негизде Баткен, Каракол, Нарын шаардык БББдө уюштурулат.

Бул система 2020-жылдын 1-февралынан баштап баардык райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө киргизилиши керек.

Пикир

Оставить комментарий