• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлиги: Биз жоолукчан кыздардын билим алуу укугун камсыздоого милдеттүүбүз

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги менен КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жалпы билим берүүчү уюмдарда баш кийим кийүү боюнча биргелешкен түшүндүрмө берди.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, КР Конституциясы жана “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, жарандар жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.

Мындан тышкары КР өкмөтү 2015-жылдын 12-августунда КРнын жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын мектеп формасына карата Бирдиктүү талаптарды бекиткен.

Аларга ылайык:

  • эркек балдар үчүн мектеп формасы ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджактан турат, ал эми кыздар үчүн классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджактан турат;
  • окуучулардын кийиминин жалпы көрүнүшү, өңү, фасону кийимдин классикалык стилинде болууга тийиш, ал эми окуучулардын сырткы көрүнүшү тыкан болушу керек;
  • спорттук кийимди жана бут кийимди, жинсы кийимди, пляждагы, үйдөгү кийимди жана бут кийимди кийип жүрүүгө жол берилбейт.

Өкмөттүн аталган чечиминде баш кийим (калпак, жоолук, орогуч, бандана ж.б.), ободок кийүүгө (тагууга) эч кандай чектөөлөр камтылган эмес.

Ошондуктан, билим берүү системасы жоолукчан кыздардын билим алуу укугун камсыздоого милдеттүү.

Билим берүү уюмдарынын администрациялары көрсөтүлгөн себептерден улам окуучулардын билим алуу укугун чектебеши керек. “Алар өздөрүнүн түздөн-түз милдети болгон калкка сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө басым жасоосу кажет”, - деп белгилешти министрликтен.

Белгиленгендей, Билим берүү жана илим министрлиги пандемия шартында ата-энелердин финансылык абалын эске алып, 2020-2021-окуу жылынын аягына чейин милдеттүү форманы талап кылбайт.

Пикир

Оставить комментарий