• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министрлиги: Быйыл 59 миңдей окуучу мектепти аяктайт

Билим 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл 59 миңдей окуучу 11-классты бүтүрөт. Анын ичнен 1253 окуучу артыкчылык аттестатына талапкер.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны быйыл 104 миңге жакын окуучуну түзөт.

Коронавируска байланыштуу 9чу жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет.

Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт.

Кыргызстанда жалпы 2 миң 283 мектеп бар, анда 1 млн 311 миңден ашуун бала билим алат.

Пикир

Оставить комментарий