• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү министрлиги Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен бирге онлайн-вебинар өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Кечээ, 24-сентябрь күнү Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен бирге "Адам капиталы үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандыруу - кризис мезгилинде билим берүүнү кайра карап чыгуу" онлайн-вебинарын өткөрдү.

Онлайн иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров, Дүйнөлүк банктын Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймагындагы билим берүү тажрыйбасынын башчысы Харри Патринос, мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышкан.

"Вебинарда Кыргызстандын калкынын (16-65 жаш) лингвистикалык, математикалык сабаттуулук, ошону менен бирге "технологиялык жактан жеткилең чөйрөдө милдеттерди аныктоо" жөндөмү тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы, Дүйнөлүк Банктын жаңы жарыяланган отчетундагы Кыргыз Республикасында Адамдын өнүгүү индекси жана пандемияга байланыштуу мектептердин жабылышынын окуу натыйжаларына жана узак мөөнөттүү негизде экономикалык жоготууларга тийгизген таасири тууралуу маселелер көтөрүлдү. Катышуучулар Кыргызстандын калкынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн калыс баалоонун негизинде билим алуу тутумун өркүндөтүү чараларын талкуулашты", - деп билдирет министрлик.

3 миң жарандын катышуусундагы көндүмдөрдү изилдөө 2019-жылы Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнүн жана маалыматтык технологиялардын сапатын баалоо борбору тарабынан жүргүзүлгөн. Маалыматтар Дүйнөлүк банктын жана Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун эл аралык адистери тарабынан иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий