• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү министрлиги: Эки колледждин имаратын реконструкциялоо иши башталды

Коом 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Ысык-Көл жана Кара-Балта индустриалдык-педагогикалык колледжинин имараттарын жана курулмаларын реконструкциялоо иши башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Колледждин имараттарын реконструкциялоо “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

"Аталган колледждер пилоттук болуп саналат, алардын базасында алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлүүдө. Максаты – облустук эмгек рынокторунун керектөөлөрүнө ылайык орто кесиптик деңгээлдеги адистерди даярдоо болуп саналат, эксперименталдык кесиптик стандарттардын, окутуунун негизинде мыкты методологиялар жана тажрыйбалар ишке ашат", - деп айтылат маалыматта.

Алдыңкы тажрыйба борборлорун түзүүнүн алкагында “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан инклюзивдүү билим берүү чөйрөсү түзүлөт – региондор үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча жумуш ордунда окутууну баштоого мүмкүндүк берүүчү имараттар реконструкцияланат, окуу-өндүрүштүк комплекстер жабдылат.

Колледждер заманбап жабдуулар, эмеректер менен камсыздалат. Реконструкциялоо иши 8 айдын ичинде аягына чыгарылышы керек.

2020-жылдын аягына чейин алты колледжде – Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжинде, ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде, Т.Кулатов атындагы Тоо-техникалык колледжде, К.Скрябин атындагы КУАУнун Агро-өнөр жай колледжинде, С.Нааматов атындагы НМУнун Агро-экономикалык колледжинде, ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тендерлер жарыяланат жана подрядчы компаниялар аныкталат деп күтүлүүдө.

Долбоорлоо боюнча компания аталган 6 объекттин долбоордук-сметалык документтерин түзүү боюнча ишти улантууда.

Пикир

Оставить комментарий