• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билим берүү министрлиги эки жылдан бери жогорку билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча аккредитация алууга аракет кылууда

Коом 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Бишкекте “Кыргызстандын жогорку окуу жайларында сапат маданиятын жайылтуу: натыйжалуу практикаларды табуу” илимий-практикалык конференциясы старт алды.

Иш-чара Адам университети тарабынан КР Билим берүү министрлиги, Конрад Аденауэр атындагы Фонддун жана “(LMPT) Кытай, Вьетнам жана Кыргызстандын билим берүү системасында туруктуу туризм боюнча бакалавриат жана магистратура программаларын өнүктүрүү” ERASMUS+ долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Адам университетинин ректору Светлана Сирмбард кабарлагандай, аталган конференцияда сапаттуу билим берүү менен камсыз кылуу, КРнын жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапатын баалоодо көз карандысыз аккредитациянын орду, көз карандысыз аккредитациянын тажрыйбасы жана башка ушул сыяктуу маанилүү маселелерди талкулоо пландалууда.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей, билим берүүнүн сапаты маселеси баардык өлкөлөрдү ойлондурат.

“Аталган конференцияда биз билим берүүнүн сапатын жакшыртууну талкуулайбыз. 2016-жылдан баштап ведомство Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапатын баалоочу аккредитациянын иштөөсү үчүн баардык күч-аракетин жумшап келет. Бул аккредитация ошол окуу жайларга кызмат рыногунда өздөрүн тартуулоодо ишенимдүүрөөк болуусуна жол берет. Ошондой эле жарандарга окуу жайлардын ишин баалоого мүмкүнчүлүк түзөт”, - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий