• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлиги каникул мезгилинде коопсуздук чараларын сактоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 14-мартындагы чечимин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 14-мартындагы №282/1 буйругуна ылайык, 16-марттан 8-апрелге чейин менчигинин түрүнө жана тибине карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарына каникул жарыяланды.

Буга байланыштуу жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:

  • билим берүү уюмдарында жана жатаканаларда санитардык жана эпидемияга каршы иш - чараларды өткөрүүгө;
  • күнү–түнү иштеген билим берүү уюмдарында (балдар үйлөрү, жетим балдар үчүн жатак - мектептер ) температуралык режимди сөзсүз түрдө сактоону, желдетүү жана дезинфекциялоону өткөрүүгө жана сырттан келгендерди билим берүү уюмдарына киргизбөөгө;
  • окуучуларды билим берүү программаларын өздөштүрүү үчүн аралыктан окутуу формасын уюштурууга;
  • өз алдынча билим алуу сабактарын, онлайн–сабактарды, окууга арналган телесабактарды кѳрүүнү, адабий китептерди окуу жана электрондук окуу ресурстарын колдонууну уюштурууга;
  • жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн окуу- усулдук иштерин уюштурууга;
  • жалпы билим берүү уюмдарынын базасында ата – энелерден ( жакын туугандары же аларды алмаштыруучулар) Жалпы республикалык тестирлөөгө бүтүрүүчүлөрдүн билдирмелерин кабыл алуучу жооптуу адамды дайындап, жекече кабыл алууну уюштурууга.

Ошондой эле балдардын жана жаштардын ден соолугунун коопсуздугун сактоо максатында, окуучулардын ата-энелерине Билим берүү жана илим министрлиги төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • балдарга өрт коопсуздугу боюнча эрежелер тууралуу (электр приборлорун жана башка турмуш-тиричилик техникаларын колдонууну) түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • эл көп топтолгон жерлерге (театрлар, кинотеатрлар, оюн-зоок жана соода борборлору) балдардын баруусуна тыюу салуу;
  • балдардын коомдук транспорттор менен жүрүүсүн чектөө;
  • коомдук тамактануучу (ресторан, кафе ж.б.) оюн-зоок жана бош убакытты өткөрүүчү (компьютердик клубдар ж.б.) жайларга барууга тыюу салуу;
  • кошумча билим берүүчү сабактарга (ар кандай билим берүүчү курстар, спорттук секциялар, бий студиялары ж.б.) балдардын баруусун чектөө;
  • убакытты туура бөлүштүрүүгө, ошондой эле балдардын гаджеттер (уюлдук телефон, компьютер ж.б.) менен убакыт өткөрүүсүнө үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү;
  • балдардын өнүгүүсү жана өз алдынча билим алуусу үчүн билим берүү жана көркөм адабий китептерди окуусун, билим берүүчү телесабактарды көрүүсүн уюштуруу;
  • балдар үчүн ден-соолукту жакшыртуучу иш-чараларды өткөрүү (витаминдештирүү ж.б.), ошондой эле тамак-аш коопсуздугун сактоо жана үй жаныбарлары менен өзүн алып жүрүү эрежелери боюнча маалымат берүү;
  • коопсуз чөйрөнү камсыздоого багытталган алдын алуу чараларын үзгүлтүксүз жүргүзүү: идиш-аяктарды сөзсүз жууп-тазалоо жана бөлмөлөрдү вирустуу инфекцияларга каршы эффективдүү дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануу менен тазалоо;
  • күн сайын балдар менен респиратордук/ вирустуу оорудан сактануунун чаралары жөнүндө аңгемелешүүлөрдү жүргүзүү: колду бат-баттан жуу, коомдук транспортко түшкөндөн кийин, коомдук жерлерден (дүкөн, аптека ж.б.) келгенден кийин дезинфекциялоочу каражаттарды пайдалануу (суу майлыктар, антисептиктер ж.б.);
  • балдарга кайнатылып бышырылган тамактарды жана жуулган жер - жемиштерди пайдалануу тууралуу маалымат берүү, массалык эл көп топтолгон жерлерде, коомдук жайларда тамактанууга чектөө салуу.

Пикир

Оставить комментарий