• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү министрлиги колледждердеги артыкчылыктуу кесиптердин тизмесин бекитти

Коом 0

Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. КРнын Билим берүү жана илим министрлиги орто кесиптик окуу жайларда артыкчылыктуу кесиптердин тизмесин бекитти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул тизме Азия өнүктүрүү банкынын “Инклюзивдик өнүгүүнүн ыкмалары” аттуу программасынын колдоосу менен өткөрүлгөн анализ жана семинарлардын негизинде түзүлгөн.

Бул тизмеге төмөнкү артыкчылыктуу кесиптер кирет:

  • Ветеринария (ветеринар фельдшер),
  • Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы (технолог),
  • Транспорттук электр жабдыктарды жана автоматиканы иштетүү (суу транспортунан башкасынын баары),
  • Жыгач устундардан эмеректерди жасоо (техник),
  • Унааларды оңдоо жана техникалык кызмат көрсөтүү (техник),
  • Имараттарды куруу жана колдонуу (техник),
  • Техник-электрик,
  • Кийимдерди тигүү, жасалгалоо (модельер-конструктор),
  • Айыл чарбаларды электрлештирүү жана автоматташтыруу (техник-электрик),
  • Санитардык-техникалык жана желдетүүчү жабдыктарды оңдоо жана колдонуу (техник),
  • Техник-электромеханик,
  • Тоо кен иштери (техник-технолог),
  • Электр станциялар, тутумдар жана түйүндөр (техник-электрик).

Пикир

Оставить комментарий