• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлиги Кыргызстан боюнча тренинг өтүп жатат

Билим 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги өлкө боюнча устаттык боюнча 5 күндүк тренингдерди баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Бүткүл дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү” долбоорунун техникалык колдоосунда уюштурулган иш чараларга Кыргыз билим берүү академиясынын адистери, облустук билим берүү борборлорунун жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын методисттери, педагогдор катышышты.

Тренингдердин максаты – мектепке чейинки окутуу жана мектепке даярдоо боюнча мугалимдик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо сапатын жогорулатуу.

Тренингден кийин катышуучулар мектепке чейинки даярдоо программалары боюнча мугалимдерге жана ата-энелерге усулдук жардам көрсөтө алышат.

Пикир

Оставить комментарий