• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлиги: Кыргызстанда быйыл окуу жылы 30-майда аяктайт

Билим 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл окуу жылы 2020-жылдын 30-майында аяктайт. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, министрлик өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды эске алуу менен бир топ жеңилдиктерди жана шарттарды түзгөнгө аракет жасады.

"Быйыл окуу жылы 30-майда аяктайт. Анткени жазгы каникулда окуучулар көбүрөөк эс алышты. Май айындагы майрамдарга байланыштуу жана окуучулар программаны толук түшүнүп өздөштүрүшү үчүн ушундай чечимге келдик. Ошондой эле убактылуу журналдардан кадимди биздин журналдарга бааларды көчүрүп коюу, даярдоо иштери, класстан класска көчүрүү үчүн педагогикалык кеңешмелерди өткөрүү үчүн жана 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү боюнча да педагогикалык кеңешмелерди өткөрүүгө даярдык көрүү үчүн окуу жылынын аякташын 30-майга жылдырдык", - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий