• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министрлиги "Мекен таануу" китебиндеги Баткен облусунун контурларынын сүрөтүндөгү так эместиктер боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги “Мекен таануу” предмети боюнча 3-класс үчүн жумушчу дептерде Баткен облусунун контурларынын сүрөтүндөгү так эместиктер боюнча түшүндүрмө берди.

Эскерте кетсек, 3-класстын "Мекен таануу" сабыгынын жумушчу дептеринде Кыргызстандын аймагында жайгашкан Ворух анклавы Тажикстан менен биригип калганы чагылдырылган.

"Мекен таануу" предмети боюнча 3-класс үчүн окуу китеби 2014-жылы курамына Бухова Е.А., Солошенко О.В., Шаповалова Е.П. кирген автордук жамаат тарабынан “Аркус” басмасы” ЖЧК менен биргеликте иштелип чыккан.

Ошол эле жылы 3-класстын окууучулары үчүн мекен таануу окуу китебинин предметтик стандартка ылайык келер-келбесин Кыргыз билим берүү академиясы карап чыккан. Аталган окуу китебине карата жумушчу дептер 2018-2019-жылдары ошонун негизинде иштелип чыккан.

“Аркус” басмасы” ЖЧКнын сүрөтчүсү жана дизайнери окуу китебинин текстин жасалгалоодо төмөнкү булактан алынган сүрөттү пайдаланышкан.

Окуу-усулдук материалдардын сапатын жогорулатуу максатында 2020-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин алдында “Окуу китеби” республикалык илимий-практикалык борбору түзүлгөн.

“Окуу китеби” борбору авторлор, илимпоздор жана басмалар менен иштешип, жаңы окуу китептеринин мазмунунун сапаты үчүн түздөн-түз жоопкерчилик тартат.

Авторлор басмалар менен чогуу даярдаган окуу китептери эми экспертизанын 4 түрүнөн: илимий экспертизадан, илимий-педагогикалык экспертизадан, антидискриминациялык жана гендердик экспертизадан өтүшөт, аталган үч экспертиза боюнча оң пикирлер алынган шартта окуу китептери практикалык-педагогикалык экспертизага (апробацияга) жөнөтүлөт.

Окуу китеби экспертизалардын бардык түрлөрүнөн өткөндөн кийин авторлор бардык сунуштарды эске алуу менен аны кайрадан иштеп чыгышат. Андан кийин “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталды” деген грифти алуу максатында коллегияда кароо үчүн окуу китеби министрликке жиберилет.

Окуу материалынын сапатын жогорулатуу жана мурда басылып чыккан окуу китептеринин каталарын жана так эместиктерин жоюу үчүн “Окуу китеби” борбору аларды кайра басып чыгарууда да экспертиза жүргүзөт.

Ушул тапта Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу “Мамлекеттик картография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси менен биргеликте кетирилген кемчиликтерди жоюу жана түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле министрлик тарабынан колдонуудагы окуу китептеринде жайгаштырылган карталарга кайрадан экспертиза жүргүзүү демилгеленди.

Андан тышкары, аталган окуу китебине жана жумушчу дептерге жүргүзүлгөн экспертизанын жагдайларын айкындоо боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий