• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Билим берүү министрлиги мектептерде линейканы ачык абада өткөрүүгө болорун билдирди

Билим 0

Бишкек, 13.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө (офлайн) башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Жусупбекова мектептеги салтанаттуу линейканы өткөрүү боюнча Саламаттык сактоо министрлиги менен сүйлөшүү жүргөнүн айтат.

“Министрлик 15-сентябрда боло турган мектептердеги линейка ачык абада, мектептин короосунда өтүүсүнө эч кандай каршы эместигин айтты. Ал эми кайсы бир региондо аба ырайы начар болуп калса, анда мектептин жыйын залында графикке ылайык өтүшү керек”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий