• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Билим берүү министрлиги мектептердеги чет тилдердин саатын көбөйтүүнү пландоодо

Коом 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. КРнын Билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүүнүн нормативдик-укуктук актысын коомдук талкууга коюуда.

Долбоордо 6-класстардын бир жумалык сабактарын 29 сааттан 30 саатка чейин көбөйтүү, 9-класстардыкын бир саатка азайтуу каралган.

6-класстардын бир жумалык окуу убактысын бир саатка көбөйтүү чет тилдерди сапаттуу үйрөнүүгө багытталган. Долбоорго ылайык, алар бир жумада 4 саат чет тил сабагын окушат. Натыйжада жалпы билим берүү мектептеринин бүтүрүүчүлөрү алыскы чет өлкөлөрдө дагы билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

2017-2018-окуу жылында Билим берүү жана илим министрлигинин мектептерде 5-класстан баштап чет тилдерди үйрөнүүгө көбүрөөк саат бөлүү боюнча демилгеси педагогикалык коллектив жана ата-энелердин коомчулугу тарабынан колдоого алынган.

Министрлик 2017-2018-окуу жылына 5-класстардын бир жумалык чет тил сабагынын саатын 2 сааттан 5 саатка чейин көбөйтүү боюнча окуу планын иштеп чыккан.

Министрлик предметтик стандарттарды жаңыртуу жана чет тилдерин үйрөнүүдө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча системалык ишти улантып жатып 6-класстарга чет тилдерге бөлүнгөн саатты бир жумада 2 сааттан 4 саатка көбөйтүүнү сунуштоодо.

Министрликтин планынын негизинде 2018-2019-окуу жылында 5-6-класстардын окуучулары жаңы предметтик стандарттар боюнча билим ала башташат.

Пикир

Оставить комментарий