• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлиги менен «Ассанабилл» фонду кызматташтыкты талкуулады

Билим 0

Бишкек, 27.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев «Ассанабилл» коомдук кайрымдуулук фондунун президентинин милдетин аткаруучу Абделькарим Али Мохамед Али менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Фонддун президентинин м.а. бүгүнкү күнгө карата жасалган иштин жыйынтыктары менен бөлүштү.

«Ассанабилл» коомдук кайрымдуулук фонду Кыргызстанга жалпы билим берүүчү мектептерди курууда жардам көрсөтүп келет, ошондой эле авариялык абалдагы мектептерди жакшыртуу менен алектенет. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Ассанабилл» фонду менен кызматташуусунун алкагында фонд тарабынан ушул кезге чейин Кыргызстандын аймагында элүүгө жакын мектеп курулуп, мамлекетке акысыз өткөрүлүп берилген. Фонддун жетекчисинин белгилешинче, бул багыттагы иш улантылат.

Б. Купешев фонддун ишин жогору баалады жана өлкөнүн алыскы аймактарында мектептерди курууда Кыргызстанга берип келаткан жардамы үчүн Абделькарим Али Мохамед Алиге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал фонд тарабынан курулушу пландалып жаткан мектептерди республика боюнча бирдей бөлүштүрүү үчүн министрлик фонддун дарегине мурдараак жөнөтүлгөн өлкө аймактарынын керектөөлөрү камтылган тизмени кайра карап чыгарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий