• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министрлиги Эксперттик кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо үчүн сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги министрликтин Эксперттик кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо үчүн сынак жарыялайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта белгиленгендей сынакка Кыргыз Республикасынын илиминин артыкчылыктуу багыттарынын негизинде компетенттүү, илимий даражасы бар адистер чакырылат:

- Жер жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу;

- Улуттук азык-түлүк коопсуздугу;

- Инновациялык маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдөө;

- Адамдын ден соолугу жана жашоо сапаты;

- Жаңы технологияларды жана материалдарды иштеп чыгуу;

- Энергетикадагы жаңы технологиялар, суу жана энергетикалык ресурстар;

- Туризмди жана транспорттук системаны өнүктүрүү;

- Экология жана биотехнология маселелери, биологиялык коопсуздук жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу изилдөө;

- Адам жана коом: экономика жана ааламдашуу маселелери.

"Эксперттердин милдети республикалык бюджеттен каржылануучу, мамлекеттик буйрутма менен түзүлгөн илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди ишке ашыруу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин сынагына келип түшкөн өтүнмөлөргө объективдүү, комплекстүү, компетенттүү илимий-техникалык экспертиза жүргүзүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Илимдин багыттары боюнча Эксперттик кеңештин мүчөлүгүнө талапкер тиешелүү багытта жогорку квалификациялуу адис болууга жана төмөндөгү талаптарга жооп берүүгө тийиш:

- илимдин тиешелүү багыттары боюнча илимий даража жана наам;

- илимий долбоорлордун экспертизасына катышуу тажрыйбасы;

- илимий-изилдөө иштерине (жок дегенде 2) рецензия берүү жана оппонент болуу тажрыйбасы;

- “Scopus”, “Web of Science” же РИНЦ эл аралык системасына индекстелген илимий журналдарга акыркы 5 жылдын ичинде экиден кем эмес макала жарыялоо;

- илимий, кесиптик жана эксперттик жамааттарга мүчө болуу;

- башка эксперттердин сунуштары.

Эксперттик кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөндөгү документтерди берүүгө тийиш:

- арыз (мобилдик телефон номери жана электрондук дарегин көрсөтүү менен);

- дипломдордун көчүрмөлөрү;

- жумуш ордунан эки сунуш;

- кандидаттык жана докторлук диссертацияларды рецензиялоо жана кароо иштери боюнча алдыңкы илимдин өкүлдөрүнүн сунуштары;

- акыркы 3 жылдагы макалаларынын тизмеси, импакт-факторун көрсөтүү менен;

- паспорттун көчүрмөсү.

Документтер (кагаз жүзүндө, бир нускада) КР Билим берүү жана илим министрлигинде (213, 215-кабинеттер) 2021-жылдын 6-октябрынан 25-октябрына чейин кабыл алынат.

Белгилей кетсек, кошумча маалыматтарды алуу үчүн министрликтин төмөндөгү телефондорго чалыңыздар: 0312 620494, 620484.

Пикир

Оставить комментарий