• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министрлиги мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу онлайн-модулдарын ишке киргизет

Коом 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылында мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу онлайн-модулдарын ишке киргизет. Бул тууралуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик белгилегендей, ал онлайн-модулдар Азия өнүктүрүү банкынын "Тармакты өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын бекемдөө" долбоорунун колдоосу менен иштелип чыккан. Ал жакында өткөн тренингдерде сыналып, министрликтин алдындагы Квалификацияны жогорулатуу институтунун 80ден ашык кызматкери, инновациялык мектептердин мугалимдери аны менен тааныша алган.

Тренингдин катышуучулары онлайн-курстарга катталууну, Moodle платформасында өзүнүн профилин ачууну үйрөнүшкөн. Андан тышкары, видеоконференция өткөрүү технологияларын иш жүзүндө колдонуп көрүшкөн.

Министрлик, мугалимдердин аралыктан квалификацияны жогорулатуусу Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында республиканын баардык райондорунда жана 20 шаарында ачылган инновациялык мектептеринин алкагында уюштуруларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий