• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлиги мугалимдин жаңы кесиптик стандартын бекитти

Билим 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин жаңы кесиптик стандарты бекитилди. Бул тууралуу Функционалдык сабаттуулук боюнча комитеттин отурумунда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйында министрдин орун басары жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандартын жана мугалимдин кесиптик стандартын бекитүү, башталгыч билим берүүнүн стандартын өзгөртүү, үзгүлтүксүз квалификацияны жогорулатуу системасын киргизүү, PISA эл аралык сынагына даярдык көрүү маселелерине токтолду.

Жыйында 5-6-класстардын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугунун мониторинги жана “Окуу Керемет!” долбоорунун үчүнчү жылынын жыйынтыгы көрсөтүлдү.

Ошондой эле отурумдун катышуучулары жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкеринин кесиптик стандарты жөнүндө презентациядан мугалимдин негизги талаптары, эмгек функциялары жөнүндө маалымат алышты.

Министрдин орун басары эми мугалимдерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу алардын ишмердүүлүгүн баалоо программалары үчүн негиз болууга тийиш деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий