• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министрлиги: Облустарда мектеп директорлорун тандоонун графиги өзгөрдү

Коом 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. Ош, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүнүн графиктери өзгөрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Жаңы график боюнча тестирлөө төмөндөгү күндөрү өтөт:

  • Ош облусу – 13-август;
  • Чүй, Талас облусу – 17-август;
  • Нарын, Ысык-Көл облусу – 20-август.

Белгилей кетсек, 11-августта Баткен жана Жалал-Абад облусунда мектеп директорлорунун бош кызмат ордуна талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өткөн.

Пикир

Оставить комментарий