• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда 60 мектепке чейинки билим берүү борбору түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорун баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

маалыматка ылайык, долбоор толугу менен Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылат. Ал мектепке чейинки билим берүү программасы менен камсыздөө төмөн болгон айыл жерлериндеги балдар үчүн мектепке даярдоону кеңейтүүгө багытталган.

Долбоор мектепке чейинки 60 өнүктүрүү борборун (3 сааттык кыска мөөнөттүү бала бакчалар) түзүүнү колдойт. Бул борборлор 3-5 жаш курактагы 3 миңден ашуун баланы камтыйт.

Мектепке чейинки өнүктүрүү борборлору төмөндөгүлөр менен камсыздалат:

  • эмерек;

  • оюн жана өнүгүү үчүн материалдар;

  • заманбап балдар аянтчалары;

  • айыл өкмөттүн балансындагы мектепке чейинки өнүктүрүү борбору үчүн сунушталган имаратта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ылайыкташкан шарттарды түзүү менен, оңдоп-түзөө иштери (муктаждыкка жараша) жүргүзүлөт;

  • 3-5 жаш курактагы балдарга ыңгайлашкан санитардык-гигиеналык шарттар түзүлөт.

"Учурда министрлик өнүктүрүү борборлорун түзүү боюнча жергиликтүү бийлик органдарынан өтүнмөлөрдү кабыл алып жатат. Бала бакчанын мындай форматы экономикалык жактан пайдалуу жана салттуу бала бакчага караганда чыгымы аз. Себеби, кыска мөөнөттүү бакчалар - бала бакчалар жетишсиз аймактарда, өзгөчө айылдарда уюштурулмакчы. Бул үчүн республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүүгө, жаңы бала бакча имаратын курууга зарылчылык жок. Кыска мөөнөттүү бала бакчалардын учурунда жергиликтүү бийлик өз балансындагы же ошол аймактагы пайдаланылбай турган мамлекеттик имаратты (авариялык абалдагы эмес) долбоорго сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий