• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү министрлиги: Предметтик стандарттар боюнча мугалимдерге онлайн-тренинг өткөрүлдү

Билим 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги 7-11-класстардын мугалимдерине математика жана табигый илимдер сабактарынын предметтик стандарттарын үйрөтүү боюнча пилоттук режимде онлайн-тренинг өткөрдү. Бцл тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара 30-июндан 3-июлга чейин дистанттык окутуу технологияларын колдонуу менен уюштурулду. Ага Бишкек, Чүйдүн математика, физика, химия, биология жана география предметтеринин мугалимдери катышты.

Тренингди өткөрүү үчүн алдын ала бир топ жумуштар жүргүзүлдү: Google Meet, Google Classroom программаларын колдонуу боюнча тренерлерге деталдуу инструктаж өткөрүлдү, билим берүүчү контент Google Classroom программасына жүктөлдү, тренинг материалдары санариптик форматка которулду, кадр артындагы текстти колдонуу менен тренерлер телестудияларда видеоматериалдарды даярдашты, презентацияларды көрсөтүштү.

Жаңы иштелип чыккан видеоконтент мугалимдерге математика жана табигый илимдер циклиндеги 5 предмет боюнча онлайн режиминде кыргыз жана орус тилдеринде кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет. Даярдалган материалдарды мындан ары билим берүү системасында үзгүлтүксүз колдонуу үчүн Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институтуна өткөрүп берүү пландаштырылып жатат.

Окутуу иш чаралары Азия өнүктүрүү банкынын техникалык колдоосу менен “Секторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын бекемдөө” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Белгилей кетсек, 2019-жылы предметтик стандарттар боюнча тренингдер салттуу форматта өткөрүлүп, ага республиканын бардык аймактарынан 7000ге жакын предметтик мугалимдер катышкан (долбоордо 10 миң мугалимди окутуу пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий