• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү министрлиги: Сентябрда мугалимдер жогорулатылган айлык акы алуусун улантат

Коом 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Быйылкы жылдын сентябрь айында деле мугалимдер жогорулатылган айлык акы алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, педагогикалык персоналдын эмгек акысы 80 пайызга, административдик-башкаруучу персоналдын эмгек акысы 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды.

Министрлер кабинетинин жогоруда көрсөтүлгөн токтому менен жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгегине акы төлөө шарттары ставкага (оклад) өткөрүлдү, ошондой эле тарифтик ставканы (оклад) эсептөө үчүн негиз болуп саналган эң төмөнкү базалык ставка белгиленди.

Министрликтен билдиришкендей, ошону менен бирге, тарифтик ставка (оклад) эң төмөнкү базалык ставканын өлчөмүн окладга жана ставкаларга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.

“Жогоруда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып мугалимдин эмгек акысы азыркы деңгээлинде сакталат”, - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен кошумчалашкандай, быйыл жылдын сентябрында мугалимдердин айлык маянасы азайтылат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Пикир

Оставить комментарий