• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Билим берүү министрлиги: Таш-Көмүрдөгү №2 Осмонкулов мектеби “Акылдуу мектеп” долбооруна кошулган эмес

Коом 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарынын №2 Осмонкулов атындагы орто мектебинин директору “Акылдуу мектеп” долбоору үчүн ата-энелерден акча сурап жатат делген тасма боюнча Билим берүү жана илим министрлигине түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, ата-энелерден электрондук журнал, электрондук күндөлүк үчүн мажбурлап акча чогултулган эмес. Каалоочулар үчүн гана сунуштаган.

Бирок учурда комиссия окуя боюнча териштирүүнү улантып жатат. Эгер мектеп директорунун мажбурлап каражат чогулткандыгы аныкталса, анда мектеп директору жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисине карата чара колдонулат.

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылы Кыргызстандагы 10 билим берүү уясы “Акылдуу мектеп – келечектин мектеби” долбооруна кошулгандыгын, алардын арасында Таш-Көмүрдөгү №2 Осмонкулов атындагы орто мектеби жоктугун эскертет. Аны менен бирге “Акылдуу мектеп” долбоорун ишке ашыруу боюнча эч кандай буйрук чыккан эмес.

Пикир

Оставить комментарий