• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү министрлиги: Учурда мектептер кыш мезгилине 35% даяр

Коом 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Сентябрдын аягына карата мектептер кыш мезгилине 35 пайызга даяр, - деп билдиришти Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан.

Август айынан бери ведомстводо күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штаб иштеп жатат. Ошондой эле кыш мезгилине болгон даярдыктын жүрүшү менен таанышуу жана көзөмөлдөө боюнча өлкөнүн бардык билим берүү уюмдарында жана структуралык бөлүмдөрүндө жумушчу штаб түзүлгөн.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жаңы окуу жылынан бери билим берүү органдары тарабынан мектептердеги от казандарды жана жылытуу системасынын ремонт иштерин камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда өлкө мектептерине керектелүүчү көмүрдүн 35% алынып келинген.

Пикир

Оставить комментарий