• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Билим берүү министрлиги: Ысык-Ата районундагы 66 окуучуга смартфон берилди

Билим 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-майда Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы Байыш Жантаевичтин демилгеси менен демөөрчүлөр тарабынан 66 окуучуга заманбап смартфондор белекке берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, министрлик дистанттык окутуу башталгандан тарта аймактарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат.

Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында аларга көмөк көрсөтүүдө. Бул жумуштар азыр улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий