• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлигинде “Жаңы муунга татыктуу тарбия” аттуу тегерек стол өттү

Билим 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинде “Жаңы муунга татыктуу тарбия” аттуу тегерек стол өттү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын максаты жаңы муунга татыктуу тарбия берүүнүн багыттарын, милдеттерин, мазмунун, ыкмаларын, формаларын жана педагогикалык шарттарын талдоо болду.

Тегерек столдо Билим берүү жана илим министрлиги коомчулукту “Кыргыз Республикасында 2021-2030 жылдарда мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясынын” жана концепцияны ишке ашыруу иш чараларынын долбоорлору менен тааныштырды.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри, министрликтин, профессионалдык-техникалык билим берүүнүн мамлекеттик агенттигинин жооптуу кызматкерлери, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Республикалык мектептен сырткары кошумча билим берүү уюмдарынын, билим берүүнү башкаруу органдарынын жетекчилери, илимий-педагогикалык коомчулуктун, педагог кадрларды даярдоочу жогорку окуу жайлардын, ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын жана эл аралык донорлордун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын ачып жатып, Алмазбек Бейшеналиев: “Таалим-тарбия маселеси стратегиялык маселе катары ар дайым мамлекеттин көңүлүнүн чордонунда турушу зарыл. Анткени тарбия адамзат, улут, социум топтогон социалдык-тарыхый тажрыйбаны, маданиятты, руханий адеп-ахлак салттарын муундарга мурастап өткөрүүнүн куралы. Тарбия механизми аркылуу гана коом коом катары сакталат жана келечекке карай илгерилеп өнүгөт”, - деди.

Мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясынын жана концепцияны ишке ашыруу иш-чараларынын долбоорлорун Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты А.Токтомаметов презентациялады. "Окуучуларды жана жаштарды улуттук баалулуктардын негизинде тарбиялоо" аталыштагы темада кыргыз эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор С.Байгазиев доклад окуду.

Концепцияны жана иш-чараларды талкууга республикабыздын көрүнүктүү окмуштуулары, педагогика илимдеринин кандидаттары/докторлору, профессорлор жана башкалар катышып, олуттуу проблемага карата көз караштарын жана сунуштарын айтышты.

Жаңы муунга татыктуу тарбия берүүнүн негизги багыттары такталып, тийиштүү мазмунду иштеп чыгуу боюнча сунуштар берилди. Биринчи кезекте колго алууну жана чечүүнү талап кылуучу милдеттер, оң жагынан көрсөткөн ыкмалар, ийгиликтүү тажрыйбалар, эффективдүү формалар жана ошондой эле келечекте ийгиликке жаратууга салым кошуучу педагогикалык шарттар жөнүндө кеңири пикир алмашуу орун алды.

Натыйжада тегерек столдун катышуучулары "Кыргыз Республикасында 2021-2030 жылдарда мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясынын" жана концепцияны ишке ашыруу иш чараларынын долбоорлорун жактырышты. Иш-чаранын жүрүшүндө белгиленген пикирлерге жана сунуштарга негизделген алымча кошумчаларды эске алуу жана практикалык жумушту уюштурууда жогоруда аталган документтерди жетекчиликке алуу зарылдыгын белгилеген чечим кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий