• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутууга даярдык көрүүдө

Билим 0

Бишкек, 21.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутууга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.

Анын айтымында, министрлик түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды, Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын чыгарган чечимдерин эске алып, жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутууга даярдык көрүүдө.

“Эпидкырдаал оң жагына өзгөрсө окуучулар мектепке бара баштайт. Кээ бир аймактардагы мектептерде окуу салттуу режимде өтүшү мүмкүн. Айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими менен мектептерде окуу салттуу режимде өтүлүшү мүмкүн”, - дейт ал.

Жусупбекова маалымдагандай, учурда министрликтин алдында практик педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш иштеп жатат. Методист, педагог жана эксперттерден турган топ окуу жылына телесабактарды тарта баштады. Учурда 10 чакты студия иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий