• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү министрлиги жеке менчик мектептин жетекчилерине окутуу акысын кыскартууну сунуштайт

Билим 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги жеке менчик мектептин жетекчилерине окутуу акысын кыскартууну сунуштайт жана ата-энелерди сүйлөшүү жолу менен эки тарапты тең канааттандырган ийкемдүү келишимге келүүгө чакырат.

Министрликтен билдиришкендей, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу менчигинин түрүнө карабай бардык билим берүү уюмдары окутуунун дистанттык түрү аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышат.

Дистанттык билим берүүгө өткөндөн тартып министрликке балдары жеке менчик мектептерде окуп жаткан ата-энелерден окуу акысын азайтуу, ал эми жеке билим берүү уюмдарынын жетекчилеринен мектеп имараты үчүн каралган ижаранын суммасын азайтууга көмөк көрсөтүү боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө.

Министрлик бир тараптан коронавируска байланыштуу карантинде отуруп, кирешесиз калган ата-энелердин жана экинчи тараптан ишмердүүлүгү окутуудан түшкөн каражатка байланыштуу болгон жеке менчик мектептердин абалын түшүнүп турат.

Министрлик сабактар дистанттык түрдө өтүлүп жаткандыктан, жеке менчик билим берүү уюмдарында окуучулардын тамак-ашына, канцелярдык товарларга жана коммуналдык төлөмдөргө жумшалуучу каражаттар учурда керектелбегендиктен, ошол чыгымдарды окутуу акысынан кыскартууну сунуштайт. Ошондой эле ата-энелерди, жеке менчик мектептин жетекчилерин өз ара сүйлөшүү жолу менен эки тарапты канааттандырган ийкемдүү келишимге келүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий