• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Билим берүү министрлиги жыл аягына чейин 693 мектепти интернетке туташтырууга убада берди

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын аягына чейин 693 мектеп интернетке туташтырылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, интернет менен учурда айыл жергесиндеги мектептер да колдонуп жатышат. Бул жакынкы мезгилдерде ар бир окуучу дүйнөлүк желеге кошулуу мүмкүнчүлүгүн алып, колдонуп калат дегенден кабар берет.

“Былтыркы жылы 775 мектеп интернетке кошулган. Күн мурун мен региондун эң алыскы жерлеринде болдум. Биздин балдар билим берүү ресурстарына жете тургандай мүмкүнчүлүк кылышыбыз керек”, - деп билдирди министр.

Пикир

Оставить комментарий