• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда көз карандысыз сертификация жана валидация борбору түзүлөт

Билим 0

Бишкек, 28.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда көз карандысыз сертификация жана валидация борбору түзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүльнур Мамырова, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү мекемелердин жетекчилери ж.б. катышуусунда көз карандысыз сертификация жана валидация борборун түзүүнүн маанилүүлүгү жана зарылдыгы боюнча жыйын өттү.

“Учурда эмгекке жарамдуу калктын 60% жакыны эч кандай кесиптик билимге ээ эмес экендигин эске алганда, көз карандысыз сертификация жана валидация борборун түзүү жаатындагы жумуш аба менен суудай керек болуп турат. Ал жумуштар министрликке караган 8 алдыңкы тажрыйба борборунун жана мыкты делген кесиптик лицейлердин базасында өтөт. Борборду түзүү боюнча тиешелүү документтердин долбоору макулдашуудан өтүп жатат”,- деди министрдин орун басары саамалыкта.

Расул Абазбек уулу айтымында, Концепцияга ылайык аталган мекеме бүт процессти жөнгө гана салып турат. Баалоо, сертификация өткөрүүдө негизги кызыкдар тараптар (жумуш берүүчүлөр, бизнес ассоциациялар, соода-өнөр жай палатасы, эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги ж.б) менен тыгыз байланыш камсыз кылынат.

Белгилей кетсек, бул план GIZ уюмунун колдоосу аркылуу ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий