• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Билим берүү министрлигинде 2021-2023-жылдарга өнүктүрүү программасынын бет ачары болду

Билим 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев министрликтин 2021-2023-жылдарга өнүктүрүү стратегиялык программасы менен тааныштырды.

Анын айтымында, программа билим берүү жана илим тутумун өнүктүрүү, аларды жаңы сапаттуу абалга өткөрүү үчүн шарттарды түзүү жана өнүктүрүү, мугалимдердин макамын көтөрүү, коомчулукту билим берүү көйгөйлөрүнө тартуу боюнча министрдин ишмердүүлүгүнүн максатын жана негизги багытын аныктаган стратегиялык документ болуп саналат.

Программанын максаты:

- Ар бир адамдын социалдык ийгиликке жетүүсү үчүн инсандын чыгармачыл өнүгүүсүнө багытталган инновациялык билим берүү чөйрөсүн түзүү;

- Педагогикалык кызматкердин профессионалдык жана жеке өсүүсү тутумун оптималдаштыруу;

- Билим берүүнүн сапатын көтөрүү жана билим алууга демилге берүү;

- КР жаранынын руханий-адеп-ахлактык, социалдык адаптацияланган жана кесипкөйлүккө багытталган инсандык калыптануусуна оптималдуу шарттарды түзүү.

“Албетте, биздин алдыбызда көп чакырыктар жана иштер турат, бирок биз албетте сиздер менен оң жыйынтыктарга жете алабыз”, - деди ал.

Ошондой эле, министр билим берүү жана илим тутуму чоң роль ойнойт, анткени дал ушул адамзаттык капитал жана анын ийкемдүүлүгү өлкөнүн ийгиликтүү өнүгүүсүн жана өзгөрүлүп турган шарттарга ыңгайланышуусунун жөндөмдүүлүгүн аныктайт деп белгиледи.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, өнүгүү боюнча өнөктөштөр, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү жана меценаттар катышты.

Пикир

Оставить комментарий