• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү министрлигинде "Бир окуучу — бир көчөт" акциясы өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Республиканын билим берүү мекемелеринде "Бир окуучу — бир көчөт" акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында үстүбүздөгү жылдын март айында башталган.

Акцияга ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер катышып, билим берүү мекемелеринин айланасына жаш көчөттөрдү отургузууда. Жашылдандыруу иштери сабактан кийин жүргүзүлүүдө.

Сүрөттө: Сокулук райондук жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары.

Пикир

Оставить комментарий