• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү министрлигинин өнөктөштөрү тарабынан КРдагы мектептерге 200 даана ноутбук тапшырылды

Билим 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Бишкекте өткөн иш-чарада Билим берүү жана илим министрлигинин өнөктөштөрү тарабынан Кыргызстандагы мектептерге 200 даана ноутбук тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду, Ала-Тоо өнүктүрүү борбору жана “НАМА” эл аралык фонду тарабынан берилген ноутбуктар жалпы 57 мектепке бөлүштүрүлөт. Чек арага жакын айылдардагы жана алыска аймактардагы компьютерге муктаждыгы жогору болгон мектептерге басым жасалды.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков министрликтин сунушун кабыл алып, өз убагында жардам колун сунган уюмдарга ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий