• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүүнү баалоо борбору "ЖРТ жоопторун сатабыз" деген шылуундарга ишенбөөгө чакырат

Коом 0


Бишкек, 20.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда кийинки жумада жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, тест башталар мезгилде өлкө аймагында шылуундар көп кездешет.

“ЖРТнын жыйынтыктарын жогорулатып беребиз же туура жоопторун "сатабыз" деген алдамчылар көп кездешет. Аларга ишенбегиле. Тесттин жыйынтыктарын бурмалоого, оңдоого мүмкүн эмес. Алдамчы топтор сиздин балаңыздын ордуна жакшы окуган студентти киргизип жогорку упайларды алып беребиз деп да айтышы мүмкүн. Ар жылы биздин борбор мындай адамдарды кармап, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берет. Андай адамдар мыйзамга ылайык жазага тартылат”, - дейт ал.

Батракеева ЖРТнын туура жооптору азыр эч бир жерде жок экенин белгилейт. “Тесттин туура ачкычтары ЖРТ бүткөндөн кийин бардык аймактардан жооп барактары чогултулуп, компьютерге салынат. Маалыматтык дисктер сейфке катылат. Андан кийин гана туура ачкычтар түзүлөт”, - деп маалымдады аталган борбордун директору.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ЖРТ 24, 25-майда жана 27, 28-майда 117 тест борборунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий