• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билим берүүнү өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки стратегиясы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Кечээ, 10-декабрь күнү «2012-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жана 2040-жылга чейин Кыргызстанда Билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясынын долбоору жөнүндө» эксперттик топтун кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Кеңешмеде билим берүү министри Каныбек Исаков 2012-жылдан 2020-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча аткарылган жумуштар жана көрсөткүчтөр боюнча маалымат берген.

Андан кийин буга чейинки стратегиянын аткарылышына жүргүзүлгөн талдоонун, 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жана башка документтерде белгиленген жаңы чакырыктардын негизинде иштелип чыккан 2040-жылга чейин КР билим берүүсүн өнүктүрүү Стратегиясынын долбоорун тааныштырган.

"Билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясы билим берүү системасынын бардык деңгээлдеги бүтүрүүчүлөрүн жаңы дүйнөдө жөн гана жашаш үчүн эмес, ал дүйнөнү өнүктүрүүгө жигердүү катышууга мүмкүндүк берүүчү билим жана компетенциялар менен камсыз кылууга багытталган. Ушул өңүттөн улам стратегияда ар бир билим берүү деңгээли үчүн максаттар жана милдеттер коюлган. Бул принциптер биз кура турган билим берүү системасынын жаңы жүзү деп ойлойбуз", - деген Исаков.

Жыйында эксперттик топтун мүчөлөрү стратегияга карата ой-пикирлерин айтып, сунуштарын беришкен.

Билим берүүнү өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясы 2020-жыл ичинде дагы бир нече жолу талкууланып, долбоорго толуктоолор киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий