Билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо элдин талабы

Коом 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жаңы окуу жылы дистанттык түрдө баштала тургандыгын билдирди. 2020-2021-окуу жылына даярдыкты практик-педагогдордон, эксперттерден, билим берүү жаатындагы менеджерлерден турган эксперттик-консультативдик кеңеш жүргүзүп жатат.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпай жүргүзүү элдин талабы экендигин "Ала-Тоо 24" каналына маек берип жатып билдирди. Анын айтымында, билим берүү дистанттык режимде же реалдуу режимде болорун убакыт көрсөтөт. Бардыгы кырдаалга байланыштуу.

Каракол шаарындагы билим берүү мекемелеринин биринде кыргыз тилинен сабак берген мугалим Рыспай Убраимов жакынкы убакытта билим берүүнүн бул ыкмасы сөсзсүз түрдө ишке ашмак дейт. Ал кесиптештери менен биргеликте өткөн окуу жылдын аягында дистанттык билим берүүгө ылайыктап окуу материалдарды даярдаган. Жаңы окуу жылына мына ошолорду кеңейтип, окуучуларга сабак берүүгө кызуу даярданып жаткан кези.

“Коронавирус илдети келет деп эч ким ойлогон эмес. Ошондуктан аралыктан окутууга даяр эмес болчубуз. Бирок бүт дүйнөнүн шаштысын алган пандемия бул нерсени тездетти. Баарыбызга белгилүү болгондой, дистанттык окуу март айында башталды. Мисалы, мен аралыктан сабак берүү үчүн көптөгөн агайлардын сабагын көрүп чыгып, бир канча программаны өздөштүрдүм. Башында айрым окуучулардын интернети жакшы иштебей, кыйынчылык жаралып жатты. Убакыттын өтүшү менен бул маселе чечилет деген ойдомун. Окуучулар “ата-энелер, мугалимдер кыйнады, онлайн окуу жакпады” дебестен, дистанттык окууну кубануу менен кабыл алышы керек. Мындай абал балдардын технологияны өздөштүрүүсүнө өбөлгө болуп, аларга университетте окуп жатканда, карьера түзүүдө жардам берет", - деген ою менен бөлүштү.

Рыспай Убраимов эгер окуучу көңүл коюп окуган болсо, онлайн билим алуу мектептегидей эле болорун белгилейт. Анткени аралыктан окууда да интерактивдүү мамилени түзсө болот. Бирок кыргыз тил мугалими өткөн окуу жылында дистанттык окууда бир топ кемчиликтер жаралганын жашырбайт.

“Өткөн окуу жылында министрлик тарабынан окуучуларга видеоматериалдар даярдалып көрсөтүлдү. Баары болбосо да, кээ бир сабактар тез арада тартылган үчүн окуучуларга көркөмдүүлүгү аз, жугумдуулугу жок болуп калды. Көп окуучулар жакшы көңүл бурбай коюшту. Көпчүлүк ата-энелер кызыкпагандыктан, балдары да көңүл кош мамиле кылды. Азыр эми алдын ала даярдалып жатканы үчүн анча-мынча кемчиликтер жоюлуп, баары ойдогудай болот деген ойдобуз. Анын үстүнө мугалимдер да, окуучулар да моралдык жактан даяр болуп калат. Китептеги материалдарды компьютер аркылуу мугалим толук кандуу бере алат. Мугалимдин эмне материалы бар экенин окуучу экрандан көрүп турат. Андан сырткары, окуучулар кызыккан суроолорун дароо берүүгө, түшүнбөй калган жерин суроого, бири-бири менен баарлашууга шарт бар. Болгону окуучунун сабакка болгон кызыгуусу болсо жетиштүү. Мисалы, апрелден баштап окуучуларыбызды жалпы республикалык тестирлөөгө дистанттык түрдө даярдадык. Жыйынтыгы жаман болгон жок”, - дейт Убраимов.

Аралыктан окуган окуучунун толук кандуу сабактарга жетишүүсү үчүн ата-эне менен мугалимдин тыгыз иштешүүсү маанилүү. Рыспай агайдын айтымында, балага моралдык, психологиялык, техникалык шарт түзүп берүү кажет. Окуучунун билим алуусуна шык, түрткү берүү ата-эненин милдети.

"Сабак дегенде мектепке баруу, класс, парта, мугалим менен бетме-бет отурууну түшүнөбүз. Эң башкысы “комфорткк зонадан” чыгышыбыз керек. Мугалим берген тапшырманы окуучу ата-энесине, эже-байкесине, досуна жасатып алышы мүмкүн. Муну биз көзөмөлдөй албайбыз. Айрым окуучулар достору менен биргелешип иштеп, ошолор аркылуу үйрөнгөндүктөн, үйдө отуруп окуп, сабакты жакшы түшүнбөй калуусу ыктымал. Үйдө мектептегидей атмосфера болушу керек. Ошондуктан ата-эне баласын көзөмөлдөп турса жакшы болот", - дейт мугалим.

Борбордон миң чакырым алыстыкта жайгашкан Чоң-Алай районунун Карамык айылынын тургуну Жибек Кожобекова мектепте математикадан сабак берет. Беш баланын энеси балдары үчүн онлайн окуу ойдогудай болбогонун, жаңы окуу жылында да абал жакшырып кетери кыйын экендигин мойнуна алат.

“Аралыктан окуунун таасирдүүлүгү билим берүү мекемесине байланыштуу болот экен. Мектептин техникалык жетишкендиги, мугалимдердин даярдыгы болбосо балдарды окутуу кыйын. Мисалы улуу кызым Ош шаарындагы лицейлердин биринде акы төлөп окуйт. Эрте мененки тогуздан кечки төрткө чейин кадимкидей телефонду алдына коюп алып, мектептегидей окуп жатты. Түштө бир саат тыныгууга чыгат. Бирок калган айылдагы орто мектепте балдарым үчүн онлайн окуу таптакыр жеткиликтүү болгон жок. Кээ бир сабактардан эч нерсе окушпады. Телевизордон берилип жактан телесабактарды көргөнү менен, айрым мугалимдер кайтарым байланышка чыкпай, бир да жолу тапшырма бербеди. Ачыгын айтканда, мугалимдерде да, окуучуларда да изденүү жок. Онлайн окуунун таасири болбоду”, - деген ойдо.

Жибек Кожобекова мугалим катары да бир топ кыйынчылыктарга туш болгонун айтат. Анын айтымында, кайтарым байланышка класстагы аз гана окуучу катышпаса, калгандары дайынын билдирбейт. Ошондуктан ата-энелер балдарын катуу көзөмөлгө алышы керек. Алар баласын сабак учурунда колун бошотуп, телесабактарды көрсөтүш керек.

“Өзүм деле мектепте математикадан сабак берем. Жумасына сабакка беш жолу кирсек, аралыктан окууда 2-3 жолу гана кайтарым байланыш кылып коюп жаттык. 45 мүнөттө канча эсептерди чыгарабыз. Бирок бул окууда бир эле маселе чечилет. Онлайн сабакка мурдагы эле 5-6 жакшы окуган бала кирет. Калгандарын издеп таппайбыз. Ата-энесине, класс жетекчилерине кайрылабыз. Баары бир жыйынтык жок. Сабакка катышпагандар программадан артта калып, кийин өздөрү да кыйналат. Теманы түшүнбөй бизди да кыйнайт", - дейт жаш мугалим.

Жибек эжейдин эки баласы башталгыч класста окуйт. Ал дистанттык окуу учурунда ар биринин артынан чуркап, балдары менен кошо окуганын, ал эмес сабактарды жаттап алганын айтат. Айрыкча, быйыл биринчи класска бара турган баласынын окуусу кандай болот деп кабатыр.

“Мектеп жетекчилиги азырынча эч нерсе деп билдирүү тарата элек. Башкалары бир аз болсо да үйрөнүп калышты. Кичүү уулум быйыл биринчи класска бармак. Кандай болот экен деп ойлонуп жатам. Мектепке барып эле окуганга жетпейт. Бир-эки айдан кийин абал турукташып, мектептер ачылса деп ниет кылып жатабыз. Ата-энелер да мугалимдин кадырын билди. Чындап баласынын окубаганын сезди", - дейт математика мугалими.

Быйыл абитуриенттер пандемияга байланыштуу жогорку окуу жайларына толук бойдон онлайн форматта тапшырып, студенттик күндөрүн да онлайн башташат. Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи жана экинчи турунда 17 187 улан-кыз окууга өттү.

Абитуриенттердин бири Бермет Маматова ЖРТдан 201 упай алган. Анын келечекте программист болом деген кыялы бар. Бермет университетке онлайн тапшыруу абитуриенттер үчүн эң ыңгайлуу жол болгонун белгилей кетти.

“Пандемия учурунда жогорку окуу жайына онлайн тапшыруу эң жакшы реформа болду деп эсептейм. Интернет болсо онлайн форматта тапшыруунун жол-жоболорун билсең эч кандай кыйынчылыкка учурабайсың. Убакыт үнөмдөлөт. Үйдө отуруп бир сайттан Кыргызстандагы бардык окуу жайлар жөнүндө маалымат ала аласың. Адистиктерге болгон талаптарды көрүп, канчалык шансың бар экенин билесиң. Окуу жайды онлайн тандоонун жакшы жагы көп экенин абитуриенттер баамдаса керек", - деп ал.

Дистанттык окуу кадимки окууга караганда эффективдүү болбосо да кырдаалга байланыштуу зарыл болуп турат, деген Бермет онлайн окууга даярд экендигин билдирет.

“Университетке барып жаңы достор, мугалимдер менен таанышуу албетте жакшы сезим. Абал жакшырса баары ойдогудай болот. Шылтоо менен дистанттык окууну да өздөштүрүп алабыз. Студенттер үчүн онлайн окуу өтө деле кыйынчылык жаратпайт деп ойлойм”, - дейт жаңыдан гана жогорку окуу жайына тапшырган Бермет.

Даярдаган Самира Шарипова

Пикир

Оставить комментарий