• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Билим берүү отличниги Любовь Еловенко: Каракол шаарынын мугалимдери С.Жээнбековду колдойт!

Шайлоо 2017 0


Бишкек, 09.10.17 /Кабар/. «Бул жеңиш баарыбыз үчүн абдан маанилүү. Сиз – мамлекетибизди заманбап, күчтүү жана көз карандысыз кыла ала турган талапкерсиз, булл иш сиздин гана колуңуздан келет! Шаарыбыздагы мугалимдердин бардыгы сиздин талапкерлигиңизди колдойт», - деп билдирди билим берүү отличниги, Каракол шаарынын №11 мектебинин директору Любовь Еловенко Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусу учурунда.

«Жеңиш биз тарапта болот, Сооронбай Шарипович! Уинстон Черчиллдин «мектеп мугалимдеринин бийлиги күч, керек болсо мамлекеттик ишмерлердикинен да ашып түшөт» деп айтканы бар. Мен бардыгыңыздарды элибиздин жана Мекенибиздин кызыкчылыгы үчүн биригүүгө жана булл үчүн талбай эмгектенип келген жана эмгектене турган талапкер Сооронбай Шариповичти колдоого чакырам. Сиз гана – мамлекеттин болочок жетекчиси, Сиз гана – Кыргыз Республикасынын болочок президенти болушуңуз керек! Сиз – азыркы саясий жагдайда жалпы элдин колдоосу менен шайланган президент болууга татыктуу, Кыргызстандын туруктуулугун жана гүлдөп-өнүгүүсүн камсыздай ала турган жападан-жалгыз талапкерсиз», - деп белгиледи Любовь Еловенко жана шаардыктарды өлкөдөн кымбат дөөлөт жок деп эсептеген Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырды.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 07.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий