• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Билим берүү процессин кыргыз тилине которбосо, мамлекеттик тил маселеси ондогон жылдарга созулат – депутат

Коом 0

Бишкек, 24.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Абдумажит Юсуров жалпы билим берүү системасын кыргыз тилине которууну сунуштады. Анын баамында, бул аркылуу мамлекеттик тил маселесин натыйжалуу чечүүгө болот.

Ал бүгүн Кыргызстандагы этностор аралык мамилелерди бекемдөө маселелери боюнча тегерек үстөлдө эл үчүн негизги бириктирүүчү фактор - өлкөнүн ар бир жараны билиши керек болгон мамлекеттик тил экенин белгиледи.

“Аны өздөштүрүү үчүн Кыргызстандын бардык жарандары саясий эркке ээ болуп, олуттуу чараларды көрүүлөрү кажет. Менимче, бүгүнтөн тарта бардык мектепке чейинки мекемелерди жана мектептерди, ошондой эле ЖОЖдорду кыргыз тилинде окутууга өткөрүү керек. Бул олуттуу натыйжаларды берет”, - деди депутат.

Ал мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилине окутуу боюнча бүгүнкү көрүлгөн чаралар өзгөчө жыйынтык бере албастыгын айтып өттү.

“Минтип отурсак, бул көйгөй ондогон жылдарга созулат. Биз өкмөткө буга көңүл буруп, чындап иштеп, белгилүү бир жемиштерин көрсөтө ала турган программаны иштеп чыгууну сунуштайбыз”, - деди Юсуров.

Пикир

Оставить комментарий