• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү процессин уюштуруунун заманбап ыкмалары боюнча видео колдонмо иштелип чыкты

Билим 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги «ММК Колдоо борбору» фонду менен биргеликте «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен мугалимдерге окуу жараянында колдонуусу үчүн бир катар видеосабактарды иштеп чыкты.

Билим берүү министрлиги белгилегендей, Мугалимдер үчүн видеосабак - бул ММС (медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун) элементтери менен сабактарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды камтыган, билим берүү жараянын уюштуруунун заманбап ыкмаларын көрсөтүүчү колдонмо болуп саналат.

«Сабактарды иштеп чыгуу үчүн мектеп мугалимдеринин жана медиа эксперттердин ичинен 24 катышуучу тандалган. Алар, тажрыйбалуу методист жана насаатчылар - Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов жана Ош билим берүү институтунун инновациялык жараяндарды уюштуруу боюнча кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов, медиа эксперттер Айсулуу Текимбаева жана Назгүл Коңурбаеванын жетекчилиги астында мектеп предметтери боюнча 12 видеосабактын сценарийлерин иштеп чыгышты» - деп билдирет министрлик.

Мектептин негизги предметтери боюнча видеосабактардан тышкары, мугалимдер үчүн «Видеосабактарды уюштуруу» жана «Мугалимдер үчүн фактчек» усулдук видео колдонмолору даярдалганды. «Видеосабактарды уюштуруу» боюнча колдонмодо адистер профессионалдык видеосабакты түзүү жана онлайн сабакты уюштуруу боюнча практикалык кеңештерди беришет. Ал эми «Мугалимдер үчүн фактчек» видео окуу куралы аркылуу мугалимдер издөө кызматын колдонуп, сүрөттөрдүн же ыкчам мессенджерлерде жайылтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүүнү үйрөнө алышат.

«Окутуу жараяны дистанттык форматта жүрүп жатканына байланыштуу видеосабактар эң популярдуу жана талап кылынган билим берүү куралдарынын бири болуп саналат. Анткени видеоформат визуалдык жана ассоциативдик эс тутумга таасир этет, ошону менен окуу материалын өздөштүрүүнүн максималдуу сапатын камсыз кылат» - деп билдирет министрлик.

Кыргыз тилиндеги видеосабактар: https://mediasabak.org/ru/education/common/lessons/4/

Орус тилиндеги видеосабактар: https://mediasabak.org/ru/education/common/lessons/5/

Пикир

Оставить комментарий