• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Билим берүү сапатын жакшыртуу үчүн мугалимдерге семинарларды уюштуруубуз зарыл - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жер-жерлердеги шайлоочулардын көйгөйлүү делген маселелеринин чечилишин аткаруу бийлигинин астына коюшту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Абдывахап Нурбаев өлкөдөгү билим берүүнүн сапатына токтолду. Ал жалпы республикалык тестирлөөдөгү 110 баллды көптөгөн мектептердин окуучулары басып өтө албай жатканын белгилеп, келерки жылдын бюджетин кароодо билим берүү сапатын жогорулатууга каражат бөлүү зарыл деген оюн орто салды. Анын пикиринде, бюджеттин долбоорун кароода сапаттуу билим берүүгө, сапаттуу китептер менен камсыздоого жана эң башкысы - окутуу методикасын жакшыртуу менен мугалимдердин деңгээлин көтөрүүгө жетиштүү каражат бөлүү керек. “Керек болсо билим берүүдө чет өлкөлөрдөн окутуу методикасы мыкты делген адистерди алып келип, мугалимдер үчүн семинарларды уюштуруубуз зарыл”,- деген А.Нурбаев мындай ыкма колдонгон Казакстан Республикасын мисалга тартты.

Чүй облусунун Сокулук районундагы №51 “Чебурашка” бала бакчасы бүгүнкү күндө Агрардык университеттин балансында. Депутат Элвира Сурабалдиева бул бала бакчаны өз максатына кайтаруу боюнча жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде тиешелүү министрликтерге, аталган университетке 2 жылдан бери кат жазып, жарытылуу жооп ала албай келе жатканын КР Өкмөтүнө кулак кагыш кылды.

Депутат Улукбек Ормонов Кыргызстандын айдоочулары Казакстан аймагында жол полициясы тарабынан негизсиз айыппулдар салынып, кысымга дуушар болуп жатканын маалымдап, аткаруу бийлигинин жетекчилери мындай көйгөйдү токтоосуз чечүүсү керектигин баса белгиледи. Эл өкүлү табыгый кырсыктан жапа чеккен Ош облусунун Өзгөн районундагы Бостон айылындагы мектептин ордуна салынып жаткан жаңы мектептин курулушу 3-4 жылдан бери бүтпөй келе жатканын сынга алды.

“Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы стратегиялык жолдорду байланыштырып турган 800 метрлик жолдун акыбалы начар”,- дейт депутат Музаффар Исаков. Эл өкүлү Сузактагы Көк-Арт дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин улантуу маселесин дагы кошумчалады.

Жер-жерлердеги райондордун акимдеринин социалдык тармак боюнча орун басары кызматтарында, айылдык кеңештерде аялдардын саны азайганы байкалганын айткан депутат Аида Касымалиев жаңы куралган өкмөттү гендердик саясатка көңүл бурууга чакырды.

Чүй облусунун Жайыл районундагы атмайдандын аянтына мунайды кайра иштетүүчү завод курулуп калып, райондун ат чаап, көк бөрү тарткан эр-азаматтары ат оюндарын өткөрүүгө жай таппай ыңгайсыз болууда. Аталган райондун аттын кулагы менен тең өскөн жигиттеринин өтүнүчүн депутат Бактыбек Райымкулов аткаруу бийлигинин астына койду.

Депутат Осмонбек Артыкбаев байыркы тарыхый-маданий мурастарыбыз болгон эски шаар калдыктарын сактап калуу демилгеси менен чыкты.

“Ош облусунун Кара-Суу шаарында болуп өткөн жергиликтүү шайлоодо мыйзам бузуулар болду, ага укуктук жактан баа берилиши керек”,- дейт депутат Алтынай Өмүрбекова.

Шайлоочулар менен жолугушуу максатында Нарын облусунун Ат-Башы районунан барып келген депутат Жанарбек Акаев район элинин бир катар көйгөйлөрүн тизмектеди. Ал ат-башылыктардын Ак-Сай, Арпа жайлоолоруна чыгуусу үчүн чек ара мекемелеринен уруксат алуу маселеси өтө татаалдашып кетти деген арыздарын КР Өкмөтүнө багыттады. Ошондой эле Ат-Башы районунун Бирлик айылындагы мектептин урайын деп аз калган дубалдары устундар менен тиретилгендигин айтып, мектеп окуучулары үчүн өтө кооптуу жагдай түзүлгөндүгүн белгиледи.

Депутат Карамат Орозова Баткен облусунун Баткен шаарындагы полдору чириген, жатаканасынын абалы өтө начар болгон гимназия-мектепке жана 28 миң калкы бар бул шаарга болгону 2 бала бакча иштеп жатканына кабатырланды.

Пикир

Оставить комментарий