• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Билим берүү тармагын реабилитациялайбыз – Каныбек Исаков

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Коомдогу билим берүү тармагына болгон айыптоолордон акырындап арылып, Билим берүү тармагын реаблитациялайбыз, - деп билдирди Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети кезектеги олтурумунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызмат ордуна сунушталып жаткан Каныбек Исаков.

Исаковдун пикиринде мугалимдердин кесиптик чеберчиликтерин жогорулатмайынча, окуу сапатын арттыра албайбыз.

"Ошондуктан, мугалимдерге ишеним жаратып, билим берүү тармагына позитив беришибиз керек. Коомдогу билим берүү тармагына болгон айыптоолордон акырындап арылып, Билим берүү тармагын реаблитациялайбыз”, - дейт министрлик кызмат ордуна сунушталып жаткан Каныбек Исаков.

Өз кезегинде депутат Аида Касымалиева талапкерди эйфориядан алыс болууга чакырды. Анткени, сазга баткан министрликтин ишин илгерилетип кетүүдө командалык жумуш керектелерин белгиледи.

Белгилей кетсек, Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети кезектеги олтурумунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызмат ордуна сунушталып жаткан Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, жактырды.

Талапкердин иш таржымалы менен вице – премьер – министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп иштеп келген Гүлмира Кудайбердиева 4 – сентябрда кызмат ордун тапшырып берген.

Каныбек Исаков 2011 – жылдан бери карай ОшМУнун ректору болуп келет.

Пикир

Оставить комментарий