• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Билим берүү тармагына 10 миллион евро бөлүндү

Билим 0

Бишкек, 03.01.18 /Кабар/. Европа биримдиги Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө 10 миллион евро бөлдү. Билим жана илим министрлиги кабарлагандай, бул каражат билим берүү секторуна бюджеттик колдоо көрсөтүү үчүн колдонулат.

Долбоордун максаты – жалпы жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын реформалоого жардам берүү, окутуунун жана педагогикалык стандарттардын сапатын жакшыртуу.

Каражат бөлүү боюнча келишим ратификациядан өтүп жатканда Жогорку Кеңеште ушул эле акчага окуу китептерин сатып алуу, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин каржылоо жана бардык мектептерге интернет өткөрүп берүү жагы каралышы керектиги айтылган.

Кыргызстан менен Европа биримдиги ортосундагы билим берүү тармагындагы кезектеги кызматташтык келишими 2010-жылга чейин эсептелген. Анын алкагында жалпысынан 36 миллион евролук жардам каралган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий