• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Билим берүү технологиялары боюнча «EduTech KG 2020» улуттук онлайн-семинары өтөт

Билим 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Билим берүү технологиялары боюнча «EduTech KG 2020» улуттук онлайн-семинары өтөт. Бул туралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдире.

Максаты - окутуучулардын заманбап билим берүү технологияларын өздөштүрүү боюнча кесиптик компетенциясын өнүктүрүү жана санариптешүү жараянында ЖОЖдор аралык тажрыйба алмашуу.

Иш-чара 12-15-25-29-май күндөрү онлайн форматта өтөт. Ага университеттердин кызматкерлери катыша алышат.

Семинарда университеттердин алдыңкы окутуучулары колдонгон заманбап билим берүү технологиялары көрсөтүлөт. Ошондой эле ЖОЖдордун инновациялык санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүү тажрыйбасы жана санариптик каражаттар тааныштырылат.

Эл аралык эксперттер катышып, сессиялар уюштурулуп, жыйынтыктоочу талкуу болот. Соңунда уюштуруу комитети эмгектердин жыйнагын даярдайт.

Семинар видеоконференция форматында өтүп, катталган катышуучулар жана докладчыларга шилтеме жөнөтүлөт. Ошондой эле иш чараны Улуттук Erasmus+ кеңсесинин Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсө болот. Шилтеме.

Доклад жасоочу жана катышуучулар семинарга катталуу үчүн 5-майга чейин электрондук форманы толтурушу зарыл. Шилтеме.

Билим берүү технологиялары боюнча «EduTech KG 2020» Улуттук онлайн семинары Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандагы Улуттук Erasmus+ кеңсеси, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик технологиялык университети жана жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча эксперттер командасы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий