• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билим берүү тутумундагы кызматкерлердин маянасын которуу автоматташтырылат

Коом 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Билим берүү системасындагы кызматкерлердин айлык акысын эсептөөнү автоматташтырылган системага которуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда министрлик бул программаны иштеп чыгуу үчүн техникалык талаптарды даярдап жатат.

"Билим берүү тутумундагы кызматкерлердин айлык акысын автоматташтырууга которуу менен буга чейин аныкталып келген негизсиз маяна алган "өлүү жандарды" ("мертвые души") жокко чыгарууга жана эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ушул тапта борборлоштурулган бухгалтериянын кызматкерлери айлык акыны которуу эсебин кагаз түрүндө жүргүзүп келет. Айрым район, шаарларда эмгек акыны төлөө боюнча ченемдик-укуктук актылар бузулган учурлар кездешет.

Министрликтен белгилешкендей, Эсеп палатасы, прокуратура, каржы полициясы жүргүзгөн текшерүүлөрдө мыйзам бузуу фактылары болгону тастыкталган. Көбүнесе эмгек акынын жана стимулдук фондду негизсиз которуу, каражатты максатсыз пайдалануу жана бухгалтердик эсепти туура эмес жүргүзгөн учурлар аныкталган. Бул билим берүү кызматкерлерине эмгек маянасын эсептөөдөгү бирдиктүү системанын жоктугун билдирет.

Пикир

Оставить комментарий